Ошто семинар форматында той өттү, бирок аны айрымдар колдогон жок

Ошто семинар форматында той өттү, бирок аны айрымдар колдогон жок

Ошто ашыкча чыгымды чектөөгө багытталган семинар форматында той өттү. Бул тууралуу Жыргал Сулайманов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Тойго конок катары Садыкбакас ажы Доолов жана Маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков катышкан. Алар тойдун күбөлөрүнө жана эки жашка эркек менен аялдын үй-бүлөдөгү орду тууралуу насааттарды айтышкан.

“Залда 700дөн ашуун жаш карысы аралаш, көбүнесе кыз-келиндер отурушту. Семинар соңуна чыккан соң катышкандар чай-пайсыз эле тарап кетишти. Шарт ушундай болгон”, — деп жазган ал.

Сулайманов кошумчалагандай, семинар-тойго катышкан айрым жаштар бул көрүнүштү жактырып, андан ары жайылтууга ниеттенгендер да болгон.

“Сый тамакка кудалар эки үстөл, ата-журту, тага журту эки үстөл, достору бир үстөл, бизге окшогон агай-эжекелери бир үстөл, жалпысынан 60-70 адам кирди. Ичимдиги, тамадасы, ырчы-чоорчусу, бийчиси, жалданган эстрада жылдыздары жок эсе. Бирок эркин микрофон эфирде болду. Каалагандар каалоо-тилектерди айттык. Кой союптур, дасторкон жайыптыр, бирок ысырапкорчулук жок, уруш-талаш, карызы жок сонун той болду”, — деп жазган Сулайманов.

Соцалдык тармакта жүздөгөн адам жаңы форматтагы тойду колдогон пикирлерди жазган. Ошол эле маалда ага каршы чыккандар да болгон. Алардын бири, аталган тойдун катышуучусу акын Зинакан Пасанова ысырапкорчулукка каршы экенин билдирип,  “диний саясатка ылайык той болду” деген оюун айткан.

“Тойдо сахнага жалаң гана диний аалымдар чыгып масала айтышты.  Залга тизилген каз-катар орундуктардын алдыңкы катарына эркектер жаш студент жигиттер отурду. Аялдарды улуусуна карабай арты катарга отургузушту. Кыргыздын улуттук каада-салттары камтылбаган диний саясатка ыктаган той болду. Залды атайын медреселерде окуган балдар-кыздар менен толтурушуптур”, — деген Пасанова.

Тарыхчы жана коомдук ишмер  Тынчтыкбек Чоротегин үйлөнгөн эки жашка бак-таалай каало менен бирге жаңыча форматтагы тойго өз пикирин билдирген.

«Ысырапсыз той — бул бир нече жүздөгөн кишини алагды кылбастан, бир ууч гана киши (туугандар жана достор) менен үйдө чогулуп, эки жашка бата берүү. Ошондо да жок дегенде боорсок бышырылып, картөшкө куурулуп, чай берилип, бий, ыр-күү болуп, жайдары отуруу керек. Каалагандарга тост көтөртсө ашыкча кетпейт. Ваххабий же салафий азгырыктарынан алыс бололук. Алиги 700 киши алиги ажы менен министрдин орун басарын кыя албай аргасыз чогулган калайыкпы же чындап тойго келгендерби? Чындап тойго келсе, анда дасторкон көрбөй таркап кеткенинин жолу болсун?
Жылкыга ченеп ышкырып, 700 киши чогултпастан, ошол акырында чай ичүүгө калып калган бир ууч кишилерди эле тойго чакырса болмок”, — деп жазган тарыхчы Фейсбуктага барачасына.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>