Ошто ун жарманкеси болуп, бир кап ун 1350 сомдон сатылды ― сүрөт, видео

Ошто ун жарманкеси болуп, бир кап ун 1350 сомдон сатылды ― сүрөт, видео

Бугүн,19-мартта Ош шаарындагы Фуркат айылында, Кулатов кичи райондорунда жана борбордук базарда ун жарманкеси болду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Борбордук базарга таң атпай «Тулпар» ун комбинатынан 60 тоннадан ашык ун түшүрүлгөн. Биринчи сорттогу ундун бир кабы 1350 сомдон сатылууда.

«Тулпар» ун комбинатына 150 тонна ун жана 350 тонна буудай келип түшкөн. Жакынкы күндөрү 650 тонна буудай жана 150 тонна ундун келиши күтүлүп жатат.
[su_image_carousel source=»media: 23918,23921,23920,23919,23917,23916,23915″ crop=»none» autoplay=»4″]

Эртең, 20-марттан баштап ун борбордук базарда гана сатылат. Коопсуздук жана башаламандыкты алдын алуу багытында Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери иш жүргүзүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>