Ошто уюшкан кылмыштуулук тобунун беш мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуулук тобунун беш мүчөсү кармалды

29-январда Ош шаарынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катоодо турган дагы беш адам кармалды. Шаардык милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, алар жарандарга карата бейбаштык жасоого шектелүүдө.

Кармалгандардын бешөө тең ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары тизмесинде бар. Төртөө Ош облусунун, бирөө Ош шаарынын аймагында туруктуу жашашат.
Кармалгандар:
1.А. уулу Э., 1993-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
2.Р.Э. , 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;
3.У.Э. 1992-жылы туулган, Өзгөн районунун тургуну;
4.Р.Н. 1984-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну;
5.А.М. 1985-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.

Учурда Жазык кодексинин 266-беренеси (“Бейбаштык”) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүулөр убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө жүрүп жатат.

Белгилей кетсек,  23-25-январь күндөрү Ошто «Бандит» аталыштагы рейд өткөрүлүп, кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 16 жаран алынып келинип, аларга түшүндүрүү иш чаралары жүргүзүлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>