Ошто жер титирөө катталды

Ошто жер титирөө катталды
Бүгүн, 3-апрелде саат 13:10дө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
 
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Лангар айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>