Отунбаева бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөгө пикирин билдирди

Отунбаева бажыдагы коррупция тууралуу иликтөөгө пикирин билдирди

Биринчи май райондук сотунда каралган саясатчы Өмүрбек Текебаев менен экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишине көрсөтмө берүү үчүн келген экс-президент Отунбаева сот залынан чыгып баратып “Азаттык” жана “Клооптун” иликтөөсү тууралуу  журналисттердин суроосуна жооп берди. 

“Ушундай фактылар аныкталган кезде бийлик баш аягын жыйыштырып дароо жооп берүү керек. Алар мамлекет ордунда, бийлик сабаттуу көп нерсаени билет деген аракетин иш жүзүндө далилдөөгө тийиш”, — деген Отунбаева.

Белгилей кетсек, 21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланган.

Анда Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Аталган иликтөөдөн кийин  жарандык коом өкүлдөрү менен шаар тургундары  жемкорлукка каршы тынчтык митингге чыгып, бийликке бир катар талаптарды коюшту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>