Отурасыңар былтыйып! Президент прокурорлор менен сотторду тилдеди

Отурасыңар былтыйып! Президент прокурорлор менен сотторду тилдеди

Президент Сооронбай Жээнбеков  Коопсуздук кеңешинин жыйынында прокуратура менен сотторду тилдеди.

Өлкө башчысы автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовдун кармалбай жатканына соттордун аралашканын айтып өттү.  

“Мага сөз тийип жатпайбы! Мен жасагандай, тапшырма бергендей болуп жатат! А силер отурасынар баарыңар, былтыйып! Мына ушинтип элдин мамлекеттик бийликке ишеничи кетет. Көрүүнө жасалып, чара көрбөй жатасаңар. Эмне деген акмакчылык? Өзүңөр аралашсыңар! Башкы прокуратура, сот өзүңөр аралашсыңар, ошондуктан чара көрө албай жатасыңар”, — деди Жээнбеков.

Коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып,  12,5 жылга эркинен ажыратылган Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган.

Октябрь райондук соту аны 12,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча  өкүм чыгарган. Бирок бул өкүмдү Бишкек шаардык соту жокко чыгарып, айыпталуучуну эркиндикке кое берген.

Ал эми Жогорку сот биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырган. Аны камакка алуу максатында жашаган дарегине барган кызматкерлер Алмаматовду ордунан таппагандыктан, ага издөө жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>