•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРОКУЯЛАР

Пара алууга шектелип кармалган милиция кызматкери ИИМдин 3-башкармалагын жетектейт

Пара алууга шектелип кармалган милициянын подполковниги Каныбек Абдрахманов Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын башчысы болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Эске салсак,  2017-жылы Абдрахманов пара алып жаткан жеринен кармалган.  Аны менен кошо бир нече милиция кызматкери тергөө абагына киргизилген. Эки жыл өткөн соң, сот Абдрахмановду актаган. Ал эми пара алуу боюнча кылмышты башка милиция кызматкери мойнуна алган.

Буга чейин Криминалдык милиция кызматын Акылбек Мамасейитов жетектеген. Ал жакында эле Баткен ОИИБдин башчысы болуп дайындалды.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *