Пара менен кармалган инспектор Камбаралиева жүрөгү кармап, ооруканага түштү

Пара менен кармалган инспектор Камбаралиева жүрөгү кармап, ооруканага түштү

Пара алууга шектелип кармалган Ош облусунун Ноокат райондук ЖКККБ кызматкери Зарина Камбарова кардиологияга жаткырылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева билдиргенин. «Жебе» жазып чыкты.

«Зарина жүрөгү ооруп 3 ай мурун ооруканадан дарыланып чыккан экен. Кечээ пара алды деп шектелип кармагандан кийин дагы жүрөгү кармап, тез жардам чакыртылды. Дарыгерлер текшерип, тез арада дарыланышы керек дешти. Суракта көрсөтмө бергенге үлгүрбөдү. Мындан кийинки процессти тергөө аныктайт», — деди Сүйүнбаева.

Сүйүнбаева Зарина Камбарова сурактан качпай турганын белгилеп, ден-соолугу бир аз калыбына келсе, тергөө иштери уланарын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 30-ноябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына М.М. аттуу жарандан арыз түшкөн. Анын айтымында тескөөчү жол эрежесин бузганы үчүн  2 миң сомун жана паспортун алып коюп, дагы 8 миң сом пара талап кылган.

3-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштердин жүрүшүндө кенже тескөөчүсү К.З. 5000 сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факты Жазык кодексиндеги  “Опузалап пара талап кылуу” беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иш соттук өндүрүшкө алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>