Парламент комитети Билим берүү министрине Исаковдун талапкерлигин жактырды

Парламент комитети Билим берүү министрине Исаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Каныбек Исаковдун талапкерлигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөткөн. 50 жаштагы Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Билим берүү жана илим министрлигин  2016-жылдан бери жетектеп келген Гүлмира Кудайбердиева 4-сентябрда кызматынан алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>