Үстүбүздөгү жылда капиталдык салымдардын каражаты 5 млрд 159 млн сомду түздү

Үстүбүздөгү жылда капиталдык салымдардын каражаты 5 млрд 159 млн сомду түздү

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 2019-жылдын бюджетиндеги «Капиталдык салымдар» беренесинде каралган объектилердин курулушу жана каржыланышы жөнүндө маалымат угулууда.

Жыйында айтылгандай, 2019-жылдын республикалык бюджетинде капиталдык салымдар үчүн 3 млрд 139 млн сом көлөмүндө каражат каралган. Ал эми кошумча каражаттарды эске алганда, капиталдык салымдардын каражаты 5 млрд 159 млн сомду түздү.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимовдун айтымында, «Капиталдык салымдар» беренеси аркылуу каржылана турган эӊ ири эки объект – Балыкчы-Корумду жолу (550 млн сом) жана Суу чарба департаменти (350 млн сом) буга чейин толугу менен каржыланган.

«Калган объектилерди каржылоо чаралары келип түшкөн сурамдарга жараша жүргүзүлүүдө. Азырынча каражат жетиштүү, алар дагы жыл аягына чейин толук каржыланат деген ойдобуз», — деди ал.

Ал эми Суу ресурстары агенттигинин башчысы Көкүмбек Таштаналиевдин берген маалыматына караганда, Мамлекеттик ирригация тармагын өнүктүрүү программасынын алкагында, азыр 8 объектинин курулушу жүрүп жатат.

«Өкмөт капиталдык курулуштардын тизмесине кошумча дагы эки объектини киргизген. Ошентип, Нарындагы Төш-Булак айылындагы насостук станцияны оӊдоого 26 млн сом, Баткендеги Ак-Сай айылындагы насостук станцияны оӊдоого 50 млн сом каралды», — деди Таштаналиев.

Андан тышкары, план боюнча өлкөнүн ирригация тармагына 350 млн сом каражатты өздөштүрүү чаралары каралган болсо, иш жүзүндө 500 млн сомдук жумуш жасалганы белгилүү болду. Бирок, өнүгүү стратегиясына ылайык, быйыл жалпысынан 3 млрд 259 млн сом өздөштүрүлүүгө тийиш.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>