Парламентте Баткендеги иш таштаган дарыгерлердин маселеси көтөрүлдү

Парламентте Баткендеги иш таштаган дарыгерлердин маселеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңеште жумуштан кетүү тууралуу арыз жазган Баткен дарыгерлеринин маселеси кайрадан көтөрүлдү. Депутат Бакыт Төрөбаев кызматкерлердин 90%ынын иш таштоосу кооптонуну жаратарын айтып, бул саламаттыкты сактоо коопсуздугунда, улуттук коопсуздукта коркунуч бардыгын белгиледи.

Төрөбаевдин айтуусунда, дарыгерлер айлык акы жана негизсиз текшерүүлөр боюнча нааразычылыктарын билдиришкен.

“Алардын жазган түшүндүрмсүндө 10 дон ашык себептерди келтиришти. Айлык-маяна, шарттардын жоктугу, негизсиз текшерүүлөр. Бул эле эмес Билим берүү системасында дагы негизсиз текшерүүлөр абдан көп. Дарыгерлер президенткке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө үн катты. Бизди уксун деп ошол кадамга барышты. Бул үн жалгыз Баткенде эле эмес, бардык региондордо бар. Анткени Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканада болгон көйгөйдү ичинен терең билбегендигин дадилдеди. Саясатты так жүргүзө албагандыгын көрсөттү”, — деди ал.

Эл өкүлү өкмөт саламаттыкты сактоо тармагындагы саясатты анализдеп, туура жүргүзүшү керек деген пикирде.

“Министрликтин заманбап технологияны алып келүү боюнча саясатын көргөн жокпуз. Жеке жак, мамлекет менен болгон саясат ишке ашкан жок. Илим жагынан бир да ишти байкаган жокпуз. Министрлик саясатты жүргүзбөй, чоң бир ооруканага эле айланып калды. Азыр дарыгерлердин гана көйгөйү айтылды. А элдин ден соолугунда көйгөй көп”, — деди Төрөбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>