Парламентте депутат Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышын сынга алды

Парламентте депутат Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышын сынга алды

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат. Анда депутат Евгения Строкова Рита Карасартованын кызматка дайындалышына нааразычылыгын билдирди.

Ал кадр саясатындагы баш аламандыкка токтолду.

«Рита Карасартова кайсыл жакта туруктуулук жок болсо ошол жакка ооп кете берет. Мисалы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дайыма каршылыгын билдирип келген. Кийин ал жакта туруктуулук жок болгондо колдоп калды. Мен ага караганда өзүмдү кыргыз деп сезем. Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Биз эмне балдарды Ата мекендик согушта Америка уткан деп үйрөтүүнү каалайбызбы? НПОлорду иретке келтирип, мамлекетте кадр саясатындагы туруктуулукту алып келели», — деп сынга алды.

Белгилей кетсек, кечээ, 3-декабрда Рита Карасартова Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>