Парламентте Кыргызстандагы эң аз айлык акы айтылды

Парламентте Кыргызстандагы эң аз айлык акы айтылды

Кыргызстанда эң төмөнкү айлык акы 1850 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков депутат Кенжебек Бокоевдин суроосуна жооп берип жатканда билдирди.

Кармышаковдун маалыматында, мамлекеттик бюджеттин эсебинен эң аз айлык 2700 сом. Бул суммадагы айлыкты билими жок жарандар алат. Ал эми базалык ставкада 5000-7000 миңге чейин айлык акы алышат.

Депутат Бокоев эмгек акыны эсептөө чет мамлекеттердин ыкмаларын колдонуу керектигин сунуштады.

«Чет мамлекетте жарандардын эмгек акысы бир саатка деп эсептелип төлөнүп берилет. Кыргызстанда дагы ушундай системаны киргизүү керек. Мисалы, бир саатка минималдык эмгек акы 50 сом дегендей. Ошондо бир күнкү эмгек акы 450 сомдон кем болбойт. Жеке менчик иш берүүчүлөр мамлекеттик мекеменин айлык акысына салыштыруу менен аз берип жатышат», — деди эл өкүлү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>