Парламентте мас абалында унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе жогорулатуу сунушталды

Парламентте мас абалында унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе жогорулатуу сунушталды

Бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Азамат Арапбаев мас абалда унаа башкаргандарга айыпты 10 эсе көтөрүүнү сунуштады.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев өлкөнүн айрым аймактарында ылдамдыкты саатына 110 чакырымга чейин көбөйтсө болорун айтты.

«Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жол белгилерине көңүл бурушу керек. Алар менен түгөнбөгөн маселелер жаралат. Ылдамдыкты көбөйтүү керек. Бизде эч ким «жигули» менен жүрбөй калган», — деди Рыспаев.

Мындан тышкары Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жасалма номурларды пайдалангандарга айыпты көбөйтүүнү сунушташкан. Бүгүнкү күндө ага салынган айып- 10 миң сом.

Жыйында Кылмыштар жана жоруктар тууралуу кодекстеги түзөтүүлөр талкууланды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>