Парламентте жарандарды учурда жашап жаткан жеринен каттоого багытталган мыйзам долбоору каралды

Парламентте жарандарды учурда жашап жаткан жеринен каттоого багытталган мыйзам долбоору каралды

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңеште мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган мыйзам долбоору каралды.

Аталган долбоордун демилгечиси – Өкмөт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов калкты камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр боюнча «Zanyatost.kg» порталы ишке киргизилип, бардык маалыматтар каттала баштаганын билдирди.

«Иштеп жаткан мыйзамдын жоболоруна ылайык, жумуш менен камсыз кылуу кызматына кайрылган жарандарды каттоо алардын туруктуу жашаган жери боюнча жүргүзүлөт. Кыргыз жараны кайда туруктуу жашаса, ошол жер жарандын жашаган жери болуп саналат. Мындай жагдай ички мигранттардын абалына терс таасирин тийгизип, олуттуу тоскоолдуктарды жаратат. Ошондон улам, мыйзам “же турган жеринен” сөздөр менен толукталууда.

Мыйзамдагы “туруктуу жашаган жери” деген сөз “жашаган жери же турган жери” сөзгө алмаштыруу жарандарга өзүнүн жашаган же турган жерине карабастан ыйгарым укуктуу органдын каалаган аймактык бөлүктөрүнөн бош жумуш орундары жаатында маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле, жумуш издеген жарандарды каттоо тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат», — деп жазылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>