Премьер-министр чек ара жаңжалына байланыштуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чукул жыйынга чогултту

Премьер-министр чек ара жаңжалына байланыштуу күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чукул жыйынга чогултту

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чукул жыйынга чогултту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев бир чек ара кызматкери каза тапканын жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса көрсөтүп, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул иш улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен жүзөгө ашырылышы керек.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>