Президент Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлү батир, машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырды

Президент Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлү батир, машыктыруучусуна акчалай сыйлык тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-сентябрда, аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова, анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбекова менен жолугушту.

Мамлекет башчысы Айсулуу Тыныбекованы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында аялдар күрөшү боюнча 1-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик жылдарында эң алгачкы дүйнө чемпиону болушу менен куттуктады.

«Сенин алтын медалың — бул кыргыз спортунун, Кыргызстандын чоң ийгилиги, баарыбыз абдан кубандык. Буга чейин Азия чемпионаттарында, Азия оюндарында жеңишке жетип, эми Дүйнө чемпионатында алтын медалга ээ болдуң. Бул сенин жана машыктыруучуларыңдын көп жылдык талыкпаган эмгегинин үзүрү. Жеңишке жетүү абдан оор болгонун билебиз. Келерки Олимпиада оюндарында дагы ийгиликке жетишериңе ишенем», —Жээнбеков.

Президент улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабековго жана Айсулуу Тыныбекованын ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Нурбек Изабеков бул мелдеште Орто Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алганын эске салды. Кыргызстан үчүн алгачкы болгон бул жеңишке жетишүү жакшы жөрөлгө экенин белгилеп, көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн мамлекет башчысына ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун соңунда президент Сооронбай Жээнбеков аялдар күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбековага Бишкек шаарынан үч бөлмөлүү батирдин сертификатын, машыктыруучусу Нурбек Изабековго акчалай сыйлык, ата-энеси Болот Тыныбеков жана Гүлпар Тыныбековага Кыргыз Республикасынын Президентинин энчилүү сааттарын тапшырды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>