Президент бюджет тууралуу мыйзамга кол койду

Президент бюджет тууралуу мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана  2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 28-ноябрында кабыл алынган.

«Аталган Мыйзам менен Кыргызстандын 2020-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 163 710,4 млн. сом суммасында жана чыгашалар боюнча 171 663,9 млн. сом суммасында бекитилди, республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 7 953,5 млн. сом суммасында белгиленди», — деп жазылат маалыматта.

Мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>