Президент: Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот

Президент: Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот, мурдагыдай көмүскө  болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат», — деди өлкө башчы.

Ал ар бир жаран үчүн тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болорун жана маалыматтын баары ушул реестрде катталарын кошумчалады.

«Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт.

Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз. Анча оор эмес мыйзам бузуулар  кылмыштардын катарынан чыгарылып, мыйзамдарды гуманизациялоонун алкагында жорук катары бааланат. Жорук жасагандар эркиндигинен ажыратылбайт, андайлар үчүн айып пул, коомдук иштер каралган. Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүмдөр, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн терс таасирине кабылбайт.

Соттук —укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилегим келет.  Анткени реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эӊсеген күчтөр аз эмес. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбастан, алга кадамдашыбыз керек», — деп белгиледи Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>