Президент иш сапары менен Баткен облусуна учуп кетти

Президент иш сапары менен Баткен облусуна учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бугүн, 10-мартта эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш сапарынын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат.

Мындан сырткары, Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат.

Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>