Президент каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

Президент каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды

Бүгүн, 16-мартта президент Сооронбай Жээнбеков каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууда коңшу өлкөлөрдө жана дүйнө жүзүндө коронавирустун жайылышына байланыштуу кырдаалдын өңүтүндө республикалык бюджеттин аткарылышындагы бүгүнкү жагдай жана бюджеттик каражаттарды үнөмдөө чаралары талкууланды.

Каржы министри күтүлгөн тобокелчиликтерди эске алуу менен, божомолдор боюнча үстүбүздөгү жылы республикалык бюджеттин аткарылышы мурда бекитилген пландан 85%дын айланасында түзүшү мүмкүндүгүн билдирди. Үстүбүздөгү жылдын январь–февраль айларынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетти аткаруу 96%ды түзгөндүгүн маалымдады.

Бактыгүл Жээнбаева белгилегендей, Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынынан кийин бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн мүмкүн болгон бардык варианттары караштырылууда. Чыгашалар боюнча план биринчи кезектеги иш-чаралардын артыкчылыктарын эске алуу менен түзөтүлгөндүгүн айтты.

Ошондой эле ал донордук коомчулуктар, анын ичинде Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана башка эл аралык каржы иниституттары менен республикалык бюджетти колдоого каражат бөлүп берүү боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

Мамлекет башчы өлкө дүйнөдө коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу коркунучтар менен чакырыктарга даяр болушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Кырдаал региондо жана дүйнө жүзүндө турукташканга чейин республикалык бюджеттин чыгымдарын үнөмдөө режимине өтүү зарылдыгына токтолду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>