Президент кол койду. Эми эреже бузган айдоочулар айып пулду аз төлөшөт

Президент кол койду. Эми эреже бузган айдоочулар айып пулду аз төлөшөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык жол кыймылынын эрежесинин 8 түрү боюнча эреже бузгандарга салынуучу айып пулдун көлөмү эми 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөйт.

Айып пулдун көлөмү 3000 миң сомдон 1000 сомго азайтылган эреже бузуулар:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • Жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);
  • Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;
  • Автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
  • Жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;
  • Каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу.

Ошону менен бирге транспорт каражатын жалган же жасалма мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу бузуулар категориясынан (айып пулу 10 000 сом) жоруктар категориясына өткөзүлүп (айып пулу 20 000 сомдон 30 000 сомго чейин), бул укук бузуулуктун жоопкерчилиги күчөтүлгөн.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 11-декабрында кабыл алынган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>