Президент: Коррупцияга каршы күрөштө жакшы жыйынтыктарга жеттик, бирок дагы эле жетишсиз

Президент: Коррупцияга каршы күрөштө жакшы жыйынтыктарга жеттик, бирок дагы эле жетишсиз

«Коррупцияга каршы күрөштө бир катар жакшы жыйынтыктарына жеттик, бирок, иш дагы эле жетишсиз», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынында.

Президент ошондой эле коррупцияны азайтып, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык жарандарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кыларын белгиледи.

“Санарип коомду түзүү, коррупцияны жоюу жана ачык коомду түзүү жолу менен мамлекеттик башкаруу системасына жаңы мамилелерди киргизүүгө багытталган», — деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы ошондой эле Коопсуздук кеңештин бардык чечимдеринин аткарылышы өзүнүн жеке көзөмөлүндө турганын баса белгиледи.        

Президенттин төрагалыгы астында өтүп жаткан  Коопсуздук кеңешинин курамы.

  1. Кыргыз Республикасынын Президенти — Кеңештин төрагасы;
  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
  3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
  4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
  5. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы;
  6. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри;
  7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын лидери;
  8. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөлөрү эң көп сандагы оппозициялык фракциясынын лидери;
  9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коргонуу жана коопсуздук маселелерин алып баруучу комитетинин төрагасы;
  10. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы;
  11. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
  12. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
  13. Кыргыз Республикасынын финансы министри;
  14. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
  15. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
  16. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
  17. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
  18. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>