Президент Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча: Чечилбеген маселе жок, ал  үчүн убакыт жана сабырдуулук керек

Президент Кыргыз-Тажик чек арасы боюнча: Чечилбеген маселе жок, ал  үчүн убакыт жана сабырдуулук керек

«Чек аранын бекем болушу — ушул жерде жашаган элдин кайраты, майтарылбас эрки менен шартталат». Мындай пикирин бүгүн, 4-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Баткенге барган иш сапарынын алкагында эл менен жолугуп жатып айтты.

«Чек аранын бекем болушу — ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыӊыздар, майтарылбас эркиӊиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй — бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз», — деп белгиледи өлкө башчы.

Мамлекет башчысы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, чек арабыз 85 пайызга такталганын эске салды.

 «Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Менин Душанбеге жасаган расмий сапарымда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, бир максатка келдик. Жакында ал Кыргызстанга сапар менен келет, сүйлөшүүлөр уланат. Биз чек ара маселесин эч качан ачык бойдон таштап койбойбуз. Тажикстандын президенти да, мен дагы сүйлөшүүлөргө ачыкпыз», — деди Жээнбеков.

Ал эртеби, кечпи бул маселе сөзсүз чечилерин, ал  үчүн убакыт, анан сабырдуулук керектигин айтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>