Президент: Кыргызстан ГЭС курууга инвестор издеп жатат

Президент: Кыргызстан ГЭС курууга инвестор издеп жатат

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушуна инвесторду тартуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу өлкө башчы  Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Өлкө башчы азыркы учурда Камбар-Ата ГЭСинин экинчи агрегатын эксплуатацияга киргизүү жана Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

«Жакынкы убакта CASA-1000 электр чубалгыларын орнотуу боюнча иштер башталат. Бул долбоор биздин электр энергиясын экспорттоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүбүздү көбөйтөт»,- деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>