Президент кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады (сүрөт)

Президент кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады (сүрөт)

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында куттуктады.

Президент өз сөзүндө бүгүн күн элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн, эң ыйык, эң улуу күн экенин баса белгилеп, бабалардан калган эркиндикти, көз карандысыздыкты, мамлекеттүүлүктү гана эмес, урпактарга өнүккөн мамлекетти, гүлдөгөн жерди, дени сак, билимдүү, заманбап коомду калтырышыбыз абзел экенин баса белгиледи.

“Саясат менен ашкере алектенүүнү азайтып, экономикалык  жана социалдык актуалдуу маселелерди чечүү — биздин милдетибиз. Буга чейин башталып, саясий себептер менен солгундап  калган реформалар кайра жанданат, күчтөнөт.

Сот-укуктук адилеттигин, мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, аймактардын өнүгүүсүн, өлкөнү санариптештирүүнү камсыз кылууда конкреттүү жыйынтыктарга жетебиз. Экономикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, коопсуздукту камсыз кылууда,демократияны бекемдөөдө жаңы демилгелер ишке ашырылат.

Бийлик таза болсо — эл аны дайыма колдойт.  Тилекке каршы, чейрек кылым ичинде, бийлик бутактарындагы коррупция — улуттук трагедияга тете көйгөй болуп калды. Бийлик — элге кызмат кылуунун, өлкөнү адилет башкаруунун эмес, байлык жыйноонун булагына айланган. Таза, абийирдүү бийликти бышыктап, мамлекеттик бийликтин таза болушун камсыз кылуу зарыл”, — деди Жээнбеков.

Кыргызстан 1991-жылы 31-августта СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз  өзүнчө мамлекет болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>