Президент Кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Президент Кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун Президентик Аппаратын жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкектин эски аянтындагы Айт намаз учурунда окуду.

Президент Курман Айт майрамы  жалпы пенделерди ынтымак менен биримдикке чакырган улуу майрам экенин белгилеген.

«Тилеген тилектерибиз, асыл максаттарыбыз орундалып, Жараткан бүгүнкү курмандыктарды кабыл кылсын.

Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде өнүгүү болсун», — деген президент.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>