•  +(996) 557 67 66 40   
  •  press@reporter.kg
ЖАҢЫЛЫКТАРСАЯСАТ

Президент Кыргызстандын бир катар элчилерин дайындады (тизме)

Бүгүн, 11-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын бир катар элчилерин дайындады. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан маалымдашты.

Өлкө башкы кол койгон Жарлыкка ылайык төмөндө аты аталгандар элчилик кызматка дайындалды.

«Кыргызстандын Канададагы элчиси – Болот Отунбаев. Ал ушул жылдын 15-январында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган. Бир эле учурда ал Кыргызстандын Бразилиядагы, Канададагы жана Мексикадагы элчиси кызматын аркалайт; Словакия жана Чехиядагы элчи кызматында Бакыт Жусупов иштейт; Кувейт, Иорданиядагы элчиси болуп Самаргүл Адамкулова иш алып барат», – деп жазылат маалыматта.

Комментарий кош

Сиздин э-почта сайтта көрсөтүлбөйт. Зарыл түрдө толтуруу керек болгондор *