Президент: Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт

Президент: Судьянын дили, дүйнөсү тазаланмайын, сот системасы тазаланбайт

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-декабрда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргызстандын сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарага катышууда.

Мамлекет башчы сот системасынын 95 жылдык юбилейи менен куттуктап, сот органдары дээрлик бир кылымдык тарыхый мезгил ичинде мамлекеттик бийликтин бир бутагы болуп калыптанып, даңктуу жолду басып өткөнүн айтты.

«Адилеттүү, ачык-айкын, көз карандысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Ансыз экономиканы, социалдык чөйрөнү алга сүрөө, жарандардын укугун коргоо, адилет мамлекеттик башкарууну түзүү мүмкүн эмес. Бардык тармактарда тең реформаларды ийгиликтүү ишке ашыруу — сот системасынан көз каранды экенин өзүбүздүн тажрыбайбыз көрсөттү. Ошондуктан сот реформасын — жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек.

Соттор көз каранды эмес болушу зарыл. Башкалардын таасири менен туура эмес чечим чыгаруу мүмкүндүгүн жоюу керек. Бирок, сот бийлигинин көз карандысыздыгын — жеке судьянын өзүм билемдиги деп түшүнүүгө болбойт. Ар бир судья кабыл алган чечими үчүн өлкөбүздүн, коомубуздун алдында жоопкер», — деди өлкө башчы.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>