Президент телерадио кызматкерлерин куттуктады

Президент телерадио кызматкерлерин куттуктады

Президент Сооронбай Жээнбеков телекөрсөтүү жана радио кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргызстандын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Мамлекет башчы өз куттуктоосунда бүгүнкү майрам ээлерин өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгилеп өткөн.

«1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк жашообуздан бекем орун алды.

Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга багытталат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм», — деп жазылат өлкө башчысынын куттуктоосу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>