Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жолугушууга чакырган. Текебаев расмий чакыруу ала элек

Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жолугушууга чакырган. Текебаев расмий чакыруу ала элек

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү  «Ара-Арча» резиденциясына жолугушууга чакырган. Бирок саясатчы Өмүрбек Текебаев расмий чакыруу ала электигин бүгүн, 12-сентябрда соттук отурумдан чыккандан кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Бүгүн Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго козголгон кылмыш ишти кайра кароо боюнча биринчи соттук отуруму болуп өттү. Кийинки процесс 1-октябрга белгиленди.

10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугушуу өткөргөн. Алар Бишкектеги ресторандардын биринде жолугушкан. Жолугушууга Исмаил Исаков, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Абдыганы Эркебаев барышкан. Ал эми Иса Өмүркулов менен Топчубек Тургуналиев уюштуруучулар тарабынан чакырылган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>