Президент Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту

Президент Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү менен жолугушту

Кечээ, 14-сентябрда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.

Жолугушуу Ала-Арча резиденциясында өттү. Ага Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Эмилбек Каптагаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков, Абдыганы Эркебаевдер барган.

Өлкө башчы менен мамлекеттеги маселелердин бардыгын талкуулашканы маалым болду.

Мындан тышкары алар түшкө чейин «Ынтымак» эс алуу багына бак отургузушту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>