Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жолугушууга чакырды

Президент Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн жолугушууга чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн  «Ара-Арча» резиденциясына жолугушууга чакырды. Бул тууралуу мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев билдирди.

Сариевдин айтуусунда, азырынча жолугушууда эмне жөнүндө сүйлөшүү болот белгисиз. Бирок мамлекетте болуп жаткан коомдук-саясий жана коомдук-экономикалык маселелер боюнча пикир алмашуу болушу мүмкүн.

Ал эми 10-сентябрда Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү жолугушуу өткөргөн. Алар Бишкектеги ресторандардын биринде жолугушкан. Жолугушууга Исмаил Исаков, Роза Отунбаева, Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Элмира Ибраимова, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Абдыганы Эркебаев барышкан. Ал эми Иса Өмүркулов менен Топчубек Тургуналиев уюштуруучулар тарабынан чакырылган эмес.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>