Президент Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорун кабыл алды

Президент Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорун кабыл алды

Президент Сооронбай Жэээнбеков 3-февралда, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун (УСИИ) директору Эмилбек Каптагаевди кабыл алды.

Анда мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда стратегиялык сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча УСИИнин ишмердигинин натыйжалуулугун жана ролун жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды. 

Эмилбек Каптагаев президентке УСИИдеги  аткарыла турган жана аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө маалымат берди.

 Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн эң маанилүү стратегиялык документтерин иштеп чыгуудагы Институттун өзгөчө ролун белгиледи.

Социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүктүрүү, мамлекеттик башкаруу жана коопсуздук тармактарында долбоорлорду ишке ашырууда иштиктүү сунуштарды даярдап чыгуу үчүн аналитикалык ишмердүүлүктү күчөтүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердигин илимий-изилдөө жана аналитикалык колдоо жагынан УСИИнин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанисин баса белгиледи.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>