Президент Ысык-Көл облусунда сугат сууну ыкчам берүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Президент Ысык-Көл облусунда сугат сууну ыкчам берүү иштеринин жүрүшү менен таанышты

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-сентябрда Ысык-Көл облусуна иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Оргочор айылдарындагы ирригациялык системаларды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев аталган ирригациялык объектилерде иштерди жүргүзүү үчүн Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен 128,2 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Калыбына келтирүү иштеринин толук жыйынтыкталышы менен дыйкандар үчүн 5 миң гектарга жакын жерлерге сугат сууну ыкчам берүү мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул райондун айыл чарбасына жакшы таасирин тийгизет.

Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасына киргизилген 46 ирригациялык объектилердин ичинен 2024-жылга чейин артыкчылыктуу тартипте 32 объект аныкталган. Бүгүнкү күндө 2 ирригациялык объектиде жумуштар бүткөрүлүп, 14дө реконструкция жана курулуш иштери жүрүп жатат.

46 ирригациялык объектинин жыйынтыкталышы менен өлкө боюнча 65 миң гектар жаңы сугат жерлер, 51 миң гектар сугат жерлердин суу менен камсыз болуусу жогорулап, 50 миң гектар жердин мелиоративдик жөндөмдүүлүгү жакшырат жана 9,5 миң гектар жердин насостук станциялары өзү агып туруучу сугатка өткөрүлөт. Мындан тышкары 245 миңге жакын жаңы жумуш орундарын түзүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>