Президентти коштоп Баку шаарына кимдер кетти? (тизме)

Президентти коштоп Баку шаарына кимдер кетти? (тизме)

Бүгүн, 14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков  эки күндүк иш сапары менен Азербайжан мамлекетинин Баку шаарына учуп кетти. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан кабарлашты.

Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышат.

Эске салсак, ТТМККда төрагалык кылуу Кыргызстандан Азербайжан өлкөсүнө өтөт. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбековдун ТТМКК жыйынына катышуусунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Кыргызстандан кеткен курам: тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков, экономика министри Санжар Муканбетов, финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жана маданият, маалымат, туризм министри Азамат Жаманкулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>