Президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду

Президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду

Президенттик аппараттын түзүмүндө өзгөрүүлөр болду. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы жана Кыргыз Республикасынын басма сөз катчысы кызматтары экиге бөлүндү.

Мындан тышкары, жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн базасында — социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмдөрү түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыктары менен:

— Толгонай  Стамалиева Турдалиевна Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы болуп дайындалды;

— Наргиза Мансурова Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Назгүл Ташпаева Президенттик  аппараттын социалдык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды;

— Кудайберген Президенттик аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>