Президенттин сайты иштебей турат

Президенттин сайты иштебей турат

Жаңы жылдан кийин президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердигин чагылдырган president.kg сайты жана gov доменине караштуу бир катар мамлекеттик органдардын сайттары иштебей калды.

Маалымат каражаттары сайттардын иштебей калышын, домендин мөөнөтү узартылбай калгандыгы менен байланыштырып жатышат.

Президенттин басма сөз кызматы бул жагдайга азырынча расмий түшүндүрмө бере элек.

Ал эми бир катар мамлекеттик мекемелердин сайттарынын иштебей жатышы боюнча Өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгулов учкай түшүндүрмө берген.

Ал тиешелүү адистер тарабынан айрым иштер убагында аткарылбай калгандыгын билдирип, учурда көпчүлүк сайттардагы кемчиликтер жоюлганын ырастаган.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Жаңы жылдык куттуктоосунда «2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыялаганын жар салган.

 

 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>