Райондук сот Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салды

Райондук сот Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салды

Биринчи май райондук соту 1-декабрга чейин Бишкектин Ала-Тоо аянтында жана борбордук көчөлөрдө митинг жана нааразычылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салган.

Райондук соттун судьясы Зарина Бейшеева жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргендей, соттун чечими 13-ноябрда  чыккан.

Мындай чечим Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионундо өткөн футбол оюндарына жана Казакстан президенти Касым-Жомарт Tокоевдин расмий иш сапарына, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекет башчыларынын Бишкекте өтө турган саммитине карата  кабыл алынган.

Казакстандын президенти Кыргызстанга 27-ноябрда келет. Ал эми ЖККУнун кезектеги жыйыны 28-ноябрда өтөт.

Ага Беларус, Казакстан, Орусия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

21-ноябрда “Азаттык”, “OCCRP” жана “Kloopтун”  “Бажыдагы миллиондор: Карактоо жана калкалоо”  деген иликтөөсү жарыяланды.

Иликтөөдөгү айтылган фактыларга бийликтин чара көрүүсүн талап кылып жарандык коом өкүлдөрү 25-ноябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыгууну пландап жаткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>