Расмий билдирүү! Ат-Башыга соода-логистикалык борбор курулбайт

Расмий билдирүү! Ат-Башыга соода-логистикалык борбор курулбайт

Ат-Башы районундагы индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» ишканасы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 200 гектар жерге курула турган соода-логистикалык борбордун курулушуна 280 млн. доллар сарптамак.

«Бул каражаттар компаниянын жеке ресурстарынын эсебинен бөлүнүп жаткан жана бул инвестициялар боюнча Кыргызстандын өкмөтү бизге эч кандай кепилдик берген эмес жана бардык тобокелдиктерди компания өз мойнуна алган. Өлкө бийлиги менен сүйлөшүүлөр учурунда биз объекттин курулуш планы бузулган шартта «Нарын» ЭЭА администрациясы бир жактуу түрдө келишимди жокко чыгаруу укугуна ээ болсун деген шартка да макул болдук. Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда орто эсеп менен эле алганда 15 миңден кем эмес жумушчу талап кылынган, ал эми ар түрдүү деңгээлдеги бюджеттерге алгачкы 8 жылда салык жана эмгек акылар чегерүүлөр түрүндө бир нече миллиард сом түшмөк.

Компаниянын кадр кызматы өзүнүн социалдык жоопкерчилигин түшүнүп, жергиликтүү жаштардын арасынан талап кылынган адистерди даярдоону уюштуруу планын, ошондой эле чет өлкөлүк ЖОЖдорго окууга жөнөтүү үчүн ат-башылык кыз-жигиттердин тизмесин түзүп жатышкан. Алар биздин компаниянын эсебинен заманбап кесиптерге окутулмак. Биздин буйрутмаларды аткарууга жергиликтүү курулуш компаниялары жана курулуш материалдарды ташуучулар даярданып жатышкан.

Акыркы бир нече айда биз Россия, Беларусь, Бириккен Араб Эмираттарынын, Түркиянын жана башка европа жана азия өлкөлөрүнүн ири компаниялары менен Логистикалык борбордун аймагына заманбап, жогорку технологиялык, экологиялык өндүрүштөрдү алып келүү боюнча алдын ала макулдашууларды жүргүзүп жаттык. Жакынкы мезгилде бир катар компаниялардын өкүлдөрүн тосуп алмакпыз, алар Ат-Башы районуна барышмак. Тилекке каршы, Ат-Башы районунун жашоочуларынын арасында долбоорго карата терс мамиле түзүлүп, каршылык акциялар өткөрүлдү. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү Логистикалык борбордун курулушуна каршы чыгып жатканда биз узак мөөнөттүү долбоордун үстүндө иштөөгө мүмкүн эмес деп эсептейбиз жана долбоорду жабуу чечимин кабыл алууга мажбурбуз», — деп жазылат билдирүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>