Равшан Жээнбековдун тарапташтары шаардык соттун алдына чогулушууда

Равшан Жээнбековдун тарапташтары шаардык соттун алдына чогулушууда

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралат. Учурда аталган соттун алдына Жээнбековдун тарапташтары чогулушту. Алар колдоруна “Равшан Жээнбековго азаттык”, “жалган жалаанын токтоткула”, “репрессияга жол жок” жана башка жазуулар жазылган такталарды көтөрүп чыгышкан.

Саясатчынын жактоочусу Замир Жоошев кечээ, 25-декабрда Жээнбековдун баш коргоо чарасы саат 9.30да башталарын билдирген.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан кармалган. Аталган органдын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Жээнбековго Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланган.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>