Рита Карасартова мамлекеттик кызматка барды

Рита Карасартова мамлекеттик кызматка барды

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп Рита Карасартова дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, агенттикти буга чейин жетектеген Таалайбек Чолпонкулов өз арызы менен кызматтан бошотулду. Чолпонкулов бул кызматта 2009-жылдан бери иштеп келген.

Бүгүн билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган директорду кесиптик-техникалык агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырды.

Министр түзүмдө буга чейин аткарылган жумуштар үчүн Таалайбек Чолпонкуловго ыраазычылык билдирип, жаңы дайындалган жетекчиге бул тармакта башталган реформаларды улантуу ишине ийгилик каалады.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>