Рыспаев: Мурда эреже бузгандар айып пулдун көлөмү азайганда канча акча төлөйт? — видео

Рыспаев: Мурда эреже бузгандар айып пулдун көлөмү азайганда канча акча төлөйт? — видео

Бугүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда.

Жыйын учурунда депутат Кожобек Рыспаев мурдагы мыйзам менен эреже бузган айдоочулар, мыйзамга киргизилген өзгөртүүгө ылайык, канча айып пул төлөрүнө кызыкты.

[su_note note_color=»#7c2fcd» text_color=»#ffffff» radius=»0″]Түшүндүрө кетсек, Жол кыймылы эрежесинин 8 түрү боюнча эреже бузгандарга салынуучу айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү боюнча сунуш киргизилип, мыйзам долбоору парламентте каралып жаткан.[/su_note]

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркулов  депутаттын суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди.

“Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап айып пул 3000  сомдон 1000 сомго дароо базадан өзгөтүлөт да, бары жаңы мыйзамдын алкагында айып пул төлөшөт”, — деди Саркулов.

Ал эми депутат Рыспаев  буга чейин эреже бузган айдоочулар, айып пулдарын төлөбөй, жаңы мыйзамдын күчүнө киришин күтүп отура береин айтты.

Ыманалы Саркулов өз кезегинде, “Коопсуз шаардын” негизги максаты акча чогултуу эмес, коопсуздукка багытталгандыгын белгилеп өттү.

Айып пулдун көлөмү 3000 миң сомдон 1000 сомго азайтыла турган  эреже бузуулар:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • Жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);
  • Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу;
  • Автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
  • Жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;
  • Каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;
  • Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>