Рыспаев: Укук коргоо органдарынын айылыгы көтөрүлбөсө аткезчилик токтобойт — видео

Рыспаев: Укук коргоо органдарынын айылыгы көтөрүлбөсө аткезчилик токтобойт — видео

Аткезчилик жана кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн текшерүүчүлөрдүн жашоо шарты жакшы болуш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламент жыйынында айтты. 

“5-6 баласын бага албай жүргөн кызматкерлер күрөшө албайт. Аларды кызыктырыш керек. Аткезчилик токтобойт, анткени баласын бага албай жаткан кызматкерлер айласы жок барат. Аткезчилик толуп жатат, көчөдө бензин саткандан баштап, кирип жаткан товарлардын бары аткезчилик”, — деди Рыспаев.

Виче-премьер-министр Жеңиш Разаков укук коргоо органдарында реформа жасалып жатканын белгилеп өттү.

“2020-жылдын 1-январынан тартып милиция кызматкерлеринин айылгы көтөрүлөт. Кызматкерлерди алмаштыуру менен аткезчиликти жоё албайбыз. Муну системдүү түрдө жок кылыш керек”,  — деди Разаков.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>