«Сүйөм сени! Ырахмат жаным!» Жогорку Кеңештин депутаты Исаев кырк жылкылуу болду — фото

«Сүйөм сени! Ырахмат жаным!» Жогорку Кеңештин депутаты Исаев кырк жылкылуу болду  — фото

Жогорку Кеңештин депутат Канат Исаев бүгүн, 15-ноябрда кыздуу болду. Бул тууралуу эл өкүлүнүн кызы Бермет Исаева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Исаева сүйүнүчтүү кабары менен бөлүшүп, төмөндөгүлөрдү жазган.

«Бүгүн бул дүйнөдө биздин үйбүлөдөн да бактылуу үйбүлөнү табуу кыйын. Түндө апам 5-наристесин жарык дүйнөгө алып келип, үйбүлөбүз дагы бир мүчөгө толукталды жана мага көптөн күткөн сиңдимди белек кылды. Жаратканга ыраазычылык билдирем! Апам биринчи төрөтүнөн кийин, тактап айтканда, арадан 24 жыл өткөндөн кийин доңуз жылында дагы наристелүү болууну пландаган.

Ал эми сүрөт кечээ сүйүнүчтүү кабардын алдында тартылган», — деп жазган Бермет Исаева

Депутат Исаев жубайына ыраазызылыгын билдирген гүлүнүн сүрөтү да жарыяланган. Анда «Сүйөм сени! Ырахмат жаным!» деген жазуу болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>