Сүрөт ― Кашкар Жунушалиев Самат Курманкуловдон кабар алды

Сүрөт ― Кашкар Жунушалиев Самат Курманкуловдон кабар алды

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвага барып, дарыланып жаткан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловго “Эрдик” медалын тапшырды. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Саламаттык сактоо министрлигинин11-ноябрда тараткан маалыматына ылайык, Курманкулов өз алдынча басып жана сүйлөп баштаган.

Учурда Курманкулов Москвадагы Бурденко атындагы борборда дарыланууда

Ал 7-август күнү кечинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда башынана таш тийген таштан улам катуу жаракат алган.

1-ноябрь күнү Курманкулов коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы жана кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн “эрдик” медалы менен сыйланган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>