Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби? Штаб жооп берди

Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби? Штаб жооп берди

Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу үчүн өлкө аймагында 22-марттан тарта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул учурда жарандардын кыймылы кандай тартипте жүрө турганы тууралуу республикалык штаб негизги суроолорго жооп берди.

— Сөөк коюу парзын аткаруу үчүн баргандарга өткөрмө кагаздары берилеби?

Сөөк коюуга бара жаткан бир нече адамдарга жарактуу мөөнөтү чектелген убакытка гана өткөрмөлөр тоскоолдуксуз берилет. Же болбосо маршруттук баракча түзүлүп, анда келген жеринин дареги жана өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлөт. 

— Бир шаардан экинчи шаарга өтүү кантип ишке ашырылат?

Санитардык-карантиндик посттордон айланып өткөн жол аркылуу бара алышат. Ошол эле учурда Бишкек шаарына башка шаардан кирүүгө чектөө коюлган.

— Жарандар карантин эмес аймактардан карантин болгон аймактарга жумушка барууга жете албай жатышат?

Эскертебиз, мекемелердин кызматкерлери уюм же ишкана бөлүп берген кызматтык транспорт менен гана жүрүүгө тийиш. Биз Бишкек комендатурасынын 5- жана 6-буйругуна ылайык, жашоону камсыз кылуу тармагында иштеген кызматкерлерди ташуу боюнча жаңы алгоритм иштеп чыктык. Жакынкы убакта аларды жарыялайбыз.

— Эгер катталган жери Бишкектен сырткары болсо, шаар боюнча кантип жүрүү керек?

Биз жашаган жери боюнча катталууну сунуш кылабыз. ӨА эрежелерин сактаңыз, себеби жок сыртка чыксаңыз санитардык-карантиндик посттордон өтө албайсыз. 

— Үйдөн 1,5 км радиустун чегинде сыртка чыгууга болобу?

Эгер өтө зарыл болсо жана бул радиуста дарыканалар же дүкөн жок болсо,  маршруттук баракча боюнча үйдөн 1,5 километрден ашыгыраак чыкса болот.  Маршруттук баракчага бул пункттар сөзсүз түрдө көрсөтүлүшү керек.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>