Садыр Жапаров 2-мартта өтө турчу митинг тууралуу тарапташтарына чукул кайрылуу жасады

Садыр Жапаров 2-мартта өтө турчу митинг тууралуу тарапташтарына чукул кайрылуу жасады

Эртең, 2-мартта Бишкектин борбордук аянтында камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Садыр Жапаровду колдоо митинги өтөрү айтылган. Митинг тууралуу Жапаров тарапташтарына чукул кайрылуу жасаганын жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.

Садыр Жапаровдун кайрылуусун толук бойдон беребиз:

“Мага сырттан жолугушууга келген адвокаттарым жана жакын туугандарым, 2-март күнү Бишкек шаарына жалпы эл республикабыздын бардык аймактарынан келип, ар түрдүү талаптар менен митингге чыкканы турушат деген маалымат берип жатышат.

Талаптардын арасында менин боштондугум да бар экен. Эгер менин боштондугум үчүн чыкканы жатсаңыздар, анда мен тарапташтарыма кайрылуу жасаймын: Эл чогулган жерде провокаторлор болуп, ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн. Азыр Кыргызстаныбызга ызы-чуунун кереги жок.

Мага жеткен маалыматтар боюнча провокаторлор даярдалып, жыйналышты башка нукка буруп кетүүчү күчтөр пайда болуптур. Ошондуктан, мен үчүн чыкпай эле коюңуздар деп, тарапташтарымдан суранып кетет элем.

Аман болсом Кудай буюрган күнү чыгам. Азыр мыйзам талаасында сүйлөшүүлөр жүрүп  жатат.

Урматым менен С.Жапаров

 2020-жыл 1-март”, — деп жазган кайрылуусунда камакта жаткан саясатчы.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>