Садыр Жапаровду колдоо штабынын кеңсеси тинтүүгө алынды

Садыр Жапаровду колдоо штабынын кеңсеси тинтүүгө алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду колдоо штабынын кеңсеси тинтүүгө алынды. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Жумашев “Фейсбуктагы” баракччасына жазды.

“Эрте менен Садыр Жапаровду колдоо штабынын кеңсенде тинтүү болду. Бул деген сотко чейинки териштирүү башталды жана бирөөлөр кылмышка шектелүүдө дегенди билдерет”, — деп жазган ал.

Жумашев тинтүү кайсы орган тарабынан жүргүзүлгөндүгүн жазган эмес. Бирок эшикке чапталган баракчадан Улуттук коопсуздук комитетинин терөөчүсүнүн аты жөнү жана колу койулганын көрүүгө болот.

2-мартта өткөн митингдин соңунда акциянын катышуучулары Ак Үйгө карай бет алганда милиция  көздөн жаш чыгаруучу, кулак тундуруучу куралдарды колдонуп жана суу менен аткылап элди аянттан сүрүп чыгарган.

Эки тараптын кагылышынан соң автоунаалар жана бир катар мекемелер жабыркаган.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети митингдин уюштуруучулары экс-депутат Каныбек Осмоналиев жана абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы кармалгандыгын билдирген. Алар “бийликти басып алууга аракет кылган” деп шектелип, тергөө абагына киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>