Садыр Жапаровдун агасы: Жапаровдордун сөөгү ыраазы, тынч тарап кетели

Садыр Жапаровдун агасы: Жапаровдордун сөөгү ыраазы, тынч тарап кетели

Жапаровдордун сөөгү ыраазы, тынч тарап кетели. Мындай пикирин бүгүн, 2-мартта Бишкекте борбордук аянтта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров билдирди.

Садыр Жапаровдун агасы президенттин аппаратынын өкүлдөрү менен жолугуп чыкканын айтты.

«Биз элге ыраазыбыз азыр тынч тарап кетели. Биз 9 адам президенттин өкүлдөрүнө кирип чыктык. Бизди кайра 3 күн ичинде кабыл алышмай болду. Ошондо жооп айтышат. Үч эле күн», — деди саясатчынын агасы.

Аянтка чыккан митингчилер 3 күнгө макул болушкан жок. Учурда Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылган митинг уланууда. Сабыр Жапаров сөзүн сүйлөп бүтүп кетип калды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>